Пятница, 17 мая

Түркия Ирандагы террордук кол салууну айыптады

0

Түркия Ирандагы террордук кол салууну айыптады
Түркиянын тышкы иштер министрлиги Систан жана Белужистан провинциясындагы террордук кол салууну катуу айыптап, Ирандын эли менен өкмөтүнө көңүл айтты.
Бул тууралуу Fars агенттиги маалымдады.
13-февраль күнү кечинде Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинциясында жанкечти-террорчу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кызматкерлерине кол салган.
Түркиянын тышкы иштер министрлиги террордук кол салууга кайгырып жатканын билдирүү менен кол салуудан каза тапкандарга Кудайдан кечирим жана ырайым тилеп, жаракат алгандарга тез арада сакайып кетишин каалап жатканын билдирди.
Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан провинциясында жанкечти-террорчунун Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кызматкерлерине кол салуусунда 27 сакчы курман болгон.
Террордук кол салуудан кийин “Жайиш ал-Адл” террордук тобу расмий түрдө кол салуу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алган.
Буга чейин, Кувейт, Азербайжан, Ирак, Сирия, Ливан, Индия, Сирия, Пакистан террордук чабуулду айыптап билдирүү жасашты. Ошондой эле, Европа Биримдиги дагы окуяга өкүнүчүн билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз