Россиянын президенти Владимир Путин Польшанын Германиядагы элчисин “айбан жана антисемиттик чочко” деп атады. Мындай пикири менен президент РФ Коргоо министрлигинин кеңейтилген коллегиясында бөлүштү. Белгилей кетсек элчи еврейлерди Африкага айдаганы үчүн Гитлерге эстелик тургузууга убада берген.
“Айбан, антисемиттик чочко, башкача айтуу мүмкүн эмес”, — деди Путин Германиядагы поляк элчисинин 30-жылдарда жазылган күндөлүгүнө пикир билдирип.
Күндөлүктө поляк элчиси Гитлердин антисемиттик ой-максатына толук макул болгон жана андан тышкары еврей элин кордогону үчүн немец жол башчысынын эстелигин Варшавага орнотууну убадалаган.
Путин артта калган доордун архивдик документтери менен таанышканда Польша “еврей маселесин” чечүүдө колдонгон ыкмага эси оогонун жашырган жок.
“Ачыгын айтсам мага Гитлер жана ошол эле Польшанын расмий өкүлдөрүнүн еврей маселесин кантип талкуулашканы катуу тийди”, — деди президент. Айтымында Гитлер тышкы иштер министрине, андан кийин Польшанын Германиядагы элчисине еврейлерди колония кылып Африкага айдоо идеясын билдирген.
“Элестетип көргүлө, 1938-жылы еврейлерди Европадан Африкага сүргүнгө жиберишкенин? Тукум курут кылуу үчүн! Жок кылуу үчүн!” – деп жаны ачыды Путиндин.
Ошондой эле президент поляк элчиси Польшанын тышкы иштер министрине жазган докладында мындай дегенин белгиледи:
“Мен анын айтканын угуп… мен ага жооп иретинде эгер ал айткандарын жасай алса биз ага Варшавага улуу эстелик орнотоорубузду айттым”.
Путин мындай жооп демилге берүү ниетинде жасалганы ачык байкалып турганын билдирди.
“Минтип жөн жерден жазмак эмес”, — деди президент. Аны менен катар Россияда “биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын, деги эле улутчулдардын арам максатына каршы күрөшкөндөрдүн баарынын атын булгоого жол бербеген” документтер жетиштүү экенин белгиледи.