Воскресенье, 24 ноября

Мугалим менен эненин жаңжалы. Каптагаев айыпты мугалимге койду

0

Соцтармактардагы талкууга дагы бир видео жем таштады. Ал – Бишкектеги №95 мектеп-гимназиядагы мугалим менен окуучулардын биринин энесинин ортосундагы конфликт. Видеодон эне мугалимди директордун кабинетин көздөй дикилдетип жетелеп келатканын көрүүгө болот. Колдонуучулардын басымдуу бөлүгү мугалимди жактап, эненин кылыгына терс баа беришти. Алар “мугалим-мөмөлүү дарак” дегенди эстешип, баласына билим берип жаткан адис мындай мамилеге татыктуу эместигин белгилеген.

Басымдуу пикирлерден Эмилбек Каптагаевдин пикири өзгөчөлөндү. Ал башкалардан айырмаланып бул окуяда мугалимди күнөөлөдү.

“Мугалим менен окуучунун энесинин ортосундагы конфликт сотко чейинки териштирүүгө жетиптир.

Окуп дагы бир жолу адамгерчиликтин, жөнөкөй эле адамдык көңүл буруунун жоктугунан биз өзүбүзгө өзүбүз маселе жаратып басып жүрөөрүбүзгө ынандым.

Ошол мугалимдин айтканын окудум. Ал айтат: “Мен башталгыч класстардын мугалимимин. Ал күнү менин сабагым 3-сменде болчу, сабак кеч башталды анткени 4-класс бизге кабинетти кеч бошотушту.

Биздин сабак башталганда 4-класстын окуучусу кабинеттен бирдемени алайын деп улам-улам эшикти ачып-жаба берди. Балдарды окуудан алагды кылды. Мен аны танаписке чейин күт дедим бирок укпай сабактан алагды кылуусун улантты.

Андан кийин бир канча убакыттан соң окуучу кыз жөн гана кирип келди да телефонун сунду, кимдир бирөө менен мен сүйлөшүшүм керек экен. А мен сабак өтүп жатам, эч ким менен сүйлөшө албайм дедим. 6-7 мүнөттөн кийин кабинетке уруксат сурабай аял кирип келип, жаман создөр менен урушуп кирди. Эмнеге кызым танаписке чейин күтүшү керек дейт. Мен аны дагы танаписке чейин күтүп туруңуз дедим. Бирок ал мени күч менен класстан алып чыгып директордун кабинетине алып барды.

Мен Ленин райондук милициясына арыз жаздым. Бирок арызды ал деген басым болуп жатат. Анткен менен алуу ниетим жок, медициналык экспертизанын корутундусун күтүп жатам”.

Мына ушундай… ошол окуучуга бир аз эле көңүл буруп койгондо, бир мүнөтүн короткондо эч кандай конфликт болмок эмес, милиция да, андан кийинки тергөө менен убаракерчилик да болбойт болчу… Эч нерсе болмок эмес эгер ал аны угуп, класска унутуп калтырган буюмун алууга мүмкүнчүлүк бергенде… окуучулар да алагды болушмак эмес, сабак да үзгүлтүккө учурамак эмес, өзүнөн чыккан эне да аны директордун кабинетине чейин дегдеңдетмек эмес…

Тилекке каршы мындай жагдайлар жашоодо өтө көп кездешет…”

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз