Бул тууралуу саясатчы Феликс Кулов айтып берди. Ал президенттин бүгүнкү маалымат жыйынына пикир билдирип жатып өзү ишенген бир адамдан укканын баяндады.
“Ал Сооронбай Жээнбеков менен бет келишип сүйлөшүптүр, ошондо президент ага бирөөнү камап, бирөөнү бошотуу үчүн кимдир бирөөгө көрсөтмө бербей турганын айтыптыр. “Бийликтен кеткенимден кийин артымдан жаман кеп ээрчишин каалабайм. Бийликте турганымда баары менден коркот, бирок эртең бийликтен түшкөнүмдө кимди камап, кимди эркиндикке чыгар дегенимди эсиме салышат”, — деген экен. Бүгүнкү маалымат жыйынындагы берилген суроолорго жообу анын ушул позицияда бек турганын аныктады”, — деди Кулов.
Ал маалымат жыйынында Жээнбеков өзүн кармап суроолорго мурдагы президентке окшоп мазактаган, шылдыңдаган, атырылган кептерди кошпой олуттуу жооп бергенин белгиледи.