Воскресенье, 24 ноября

Кылмыш болгон жерден колу канга боелгон теле алыпбаруучу кармалды

0

Теле алыпбаруучу Кэролайн Флэк жигитине кол салууга шектелип кармалган бирок ал кылмыш болгон жердеги канга аралашып отурган жеринен табылса да күнөөсүн моюнуна албады.
Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышууда.

Анда айтылгандай декабрдын ортосунда полиция кызматкерлери чакырык келген дарекке барып 40 жаштагы Флэкти жана анын 27 жаштагы сүйүктүүсү Льюис Бертонду табышкан. Жер канга боелгон. Теле алып баруучу жигитти торшер менен чапкан деп божомолдонгон. Кол салуудан жабырлануучу олуттуу жараат алган эмес, экөөнө тең медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ага карабай Флэк камалган, бирок өзүнө тагылган айыпты жанына жолото элек. Теле жылдыз учурда сотко чейин күрөө менен бошотулган. Сот 2020-жылдын 4-мартында болот.

Кийинчерээк Кэролайн Флэкти Love Island шоусунун алып баруучулугунан четтетишкени белгилүү болгон. Теле алыпбаруучу өзү карьерасындагы тыныгуу ага пайда гана алып келээрин айткан. Ал болуп өткөн окуялардын баарынан сабак алып, жакшылап ойлонуп көргөндөн кийин ал каргалашуу күнү эмне болгонун кеңири айтып берүүнү убадалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз