Пятница, 22 ноября

Грецияда сасык тумоодон 56 киши каза болду

0

Грецияда сасык тумоодон 56 киши каза болду
Жооптуу кызматкерлер вируска каршы элди эмделүүгө чакырышты.
Грецияда акыркы 3 айда H1N1 вирусу себеп болгон сасык тумоодон 56 киши каза болду.
Ооруларды жөнгө салуу борборунун билдирүүсүндө, сасык тумоонун айынан ооруканаларга түшкөндөрдүн саны акыркы күндөрү көбөйгөндүгү, бир жуманын ичинде интенсивдүү жардам бөлүмдөрүндө жаткан 18 кишинин каза тапканы маалымдалды.
Орто эсеп менен 226 кишинин H1N1 вирусунан таасирленгени белгиленген билдирүүдө, медициналык пункттарга кайрылган 40 кишинин интенсивдүү жардам бөлүмдөрүндө дарыланып жаткандары айтылды.
Жооптуу кызматкерлер H1N1 вирусунун дагы деле жайылып кетүү баскычында экенине көңүл бурушуп, элди эмделүүгө чакырышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз