Пятница, 17 мая

Түркиянын Кытай бийлиги уйгурларды кысымга алуу тууралуу билдирүүсүн АКШда да колдошууда

0

Түркиянын Кытай бийлиги уйгурларды кысымга алуу тууралуу билдирүүсүн АКШда да колдошууда
Жалпы дүйнө эли көп сандаган өкмөт, эл аралык уюм жана жарандык коом мекемелери Кытайдагы уйгурларга карата жасаган кысымына каршы чыгууда.
АКШнын Анкарадагы элчилиги Түркиянын «Уйгур түрктөрүнө» байланыштуу маалыматына колдоо көрсөттү.
АКШнын Анкарадагы элчилигинин расмий Твиттер социалдык тармагында берилген маалыматта мындай деп айтылат: «АКШ Түркиянын тышкы иштер министрлигинин баа берүүсүнө кошулат»,- деген сөздөр орун алып, Түркиянын темага байланыштуу билдирүүсүндөгү : «Жөндөн жөн эле камоолорго дуушар болгон бир миллиондон ашуун уйгурлардын концлагерлерде жана абактарда кыйноо жана саясий кыйноолорго дуушар болгондугу сыр эмес»,- деп билдирилди.
Тышкы иштер министрлиги Кытай мекемелеринин уйгур түрктөрүнө карата системалуу ассимиляция саясатынын адамзат үчүн абдан чоң уяттын булагы болгондугун белгилеген. Министрлик Кытай мекемелерин концлагерлерди жабууга чакырды.
Жалпы дүйнөдө көп сандаган өкмөт, эл аралык уюм жана жарандык коом мекемеси Кытайдын уйгур түрктөрүнө карата жасагандарына каршы чыгууда.
Европа Биримдиги Кытай менен июнь айында борбор шаар Пекинде өткөргөн Адам Укуктары Диалогу жыйынынан кийин адам укуктарын коргоочулар, диний ишенимдеринен улам зулумчулук көргөн кишилер жана ой эркиндиги менен негизги адам укуктарына тескери абакка алынган тибеттиктердин жана уйгурлардын эркин койо берилишин суранган.
АКШ конгрессинде сүйлөшүлө баштаган бир мыйзам долбоору 1 миллиондон ашуун уйгур түркү дуушар болгон адам укуктарынын мыйзамсыз түрдө бузулушунан улам Америка башкаруусунун Кытайга санкция салынышын талап кылууда.
БУУнун расалык кодулоону жоюу комитети 2018- жылы 30-августтагы отчетунда лагерлерде 1 миллиондон ашуун уйгурлардын камакка алынгандыгына байланыштуу болжолдордун жасалгандыгы каттоого алынып жана ишке ашыруунун коркунучтуу чекке жеткендигин баса белгилеген.
Европа Парламенти да октябрь айында кабыл алган чечим менен концлагерлеринин дароо жабылып, камалган кишилердин эркин кое берилишин суранган.
Эл аралык амнистия уюму Адам укуктарын иликтөө уюму жана көп сандаган эл аралык жарандык коомдордун мекемеси оор түрдө мыйзам бузууларга дуушар болгон эң аз 1 миллионго жакын уйгур түркүнүн абалын сүйлөшүүсү, аймакка байкоочу делегацияны жибериши жана чындыктарды ортого чыгарышы үчүн БУУнун адам укуктары кеңешине чакыруу жасаган.
Кыйтай эл аралык коомдук пикирде «концлагерь» деп аталган жерлердин «кесиптик билим берүү борбору» экендигин жана бул жерлердеги кишилерди «ашыкча пикирлерден тазалап коомго кошууну» максат кылгандыгы айтылууда.
БУУ жана башка эл аралык уюмдар лагерлердин иликтөөгө ачуу чакырыгын кайталап, Кытай азыркы учурга чейин өзү белгилеген бир канча лагердин аз санда чет элдик дипломат жана журналист тарабынан көрүлүшүнө уруксат берди.
БУУнун жетекчилеринин түздөн түз маалымат алуу максатында аймакта эркин түрдө иликтөө жүргүзүү талабын болсо Кытай мекемелери артка кайтарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз