Суббота, 18 мая

Жарандарга маңзат салып, акча талап кылган милициянын кылмыштуу тобу кармалды

0

Жарандарга маңзат салып, акча талап кылган милициянын кылмыштуу тобу кармалды

15-февраль күнү УКМК менен ИИМдин Ички коопсуздукту камсыздоо кызматы тарабынан биргелешип жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын майору С. К. жана Кыргызстандын 1988-жылы туулган А. К. , 1975-жылы туулган И. Н. Аттуу жарандары 600 доллар пара алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, бул кылмыштуу топту уюштурган С. К. өлкө жарандарына мыйзамсыз түрдө маңзатты салып коюп, андан соң алардан акча талап кылган туруктуу схема түзгөндүгү белгилүү болду.
12-февраль күнү УКМКга өлкөбүздүн А. А. аттуу жараны өздөрүн Бишкек ШИИББнин кызматкерлерибиз деп тааныштырып, кылмш ишин токтотуу үчүн 1000 доллар талап кылган адамдарга чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталып, материалдар каттоого алынган жана КРнын КЖКнын 326-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголгон.
Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу тергөө изоляторуна камакка алынды жана андан аркы тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз