Суббота, 21 сентября

Бишкектеги түтүндүн ден соолукка зыяны жана кантип коргонуу керек?

0

Кыш келгенден тартып Бишкектеги абанын булгануусу коомчулукту чоочулатып жатат. Куралданбаган көз менен караганда деле аба тунук тартпай күңүрт болгону канчалаган зыяндуу заттар чулгаган аймакта жашап жатканыбыздан кабар берет. Шаарды сыртынан, тоо этектеринен тарткан видео, сүрөттөрдөн такыр эле борбор калаа ыш алдында калганын көрүүгө болот. Жылуулук сезонунун башталышы менен каптаган маселенин айтылып жатканына эки ай болду. Тийиштүү тармактардын бири айыпты ЖЭБдеги көмүргө, экинчиси автоунаага төңкөргөнү менен абанын сапатын жакшыртууга кандайдыр бир чечкиндүү аракеттер байкала элек.

Бишкектин айрым аймактарында абанын булгануусу нормадан ашык. Бул тууралуу айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба Мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

“Kyrgyz.news” сайтына аталган мекемеден маалымдашкандай абанын булгануусун атайын аппараттардын жардамында Гагарин-Некрасов, Лушихина-Клинская, Месароша- Абдраев, Москва-Үмөталиев, Бакаев-Ахунбаев көчөлөрүндө жана “Арча-Бешик”, “Ак-Өргө”, “Ак-Ордо” конуштарында текшеришкен.

Түшүндүрүшкөндөй атмосфералык абаны текшерүү 10 компонент боюнча жүргүзүлөт, алар: чаңдын үч жана алты газ түрү, диоксид серы, диоксид азот, диоксид углерод, аммиак, сероводород, углевороддор саны жана башкалар.

Анын жыйынтыгында аталган аймактарда диоксид азоттун деңгээли нормасынан 2,7ден 7,7 эсеге жана жалпы чаң 1,5тен 2,5ке чейин жогорулаганы белгилүү болгон.

Аталган агенттик абанын булгануусунун башкы себеби катары автотранспортторду белгиледи. Жыл сайын шаардын абасына чыгарылган булганыч заттардын көлөмү 240 миң тоннаны түзөт жаны анын 180 миңи автоунаалардан бөлүнөт. Ал эми өндүрүш таштандылары абага уу заттарды берүүдө 10 пайызды гана түзөт.

Мамлекеттик агенттик абанын булгануусун азайтуу максатында калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, автоунааларды азыраак колдонууну айтышууда. Мэрия троллейбустарды сатып алып жатканы элдин каттамына ыңгайлуулук түзүп, жеке автотранспортто жүргөндөрдүн санынын азайышын шартташы мүмкүн.

Абанын булганууу жарандардын ден соолугуна канчалык деңгээлде коркунучтуу? Акыркы учурда коомчулук добулбас кагып, ал турмак коопсуздук чараларын сактоо максатында бийликтен өзгөчө абал киргизүүнү сурангандар да болууда. Ышталган абадан дем алуу кандай ооруларды чакырат жана андан кантип коргонуу керектигин биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмгек гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Алтай Төлөнбаевден сурадык.

“Бронхит оруларын салыштыруу бюнча беш жылдык анализ дарттын көбөйүшү жоктугун көрсөттү. Түтүн негизинен тобокел тобундагы адамдардын ден соолугуна таасир берет. Тобокел тобуна жаш балдар, карыган адамдар, онкологиялык, жүрөк-кан-тамыр оорулары менен жабыркагандар кирет”.

Ал эми сактануу чараларын адистер мындайча белгилешет:

-Үйдөгү жана офистеги абанын сапатын жакшыртуу үчүн атайын – ионизаторлорду, абаны тазалоочу жана нымдандыруучу жабдыктарды пайдалануу керек. Бөлмө өсүмдүктөрүнүн да жардамы чоң. Айрыкча хлорфитум, англиялык плющ, хризантема жана “тещин язык” деп аталчу өсүмдүктөр. Бөлмөнү кечки убакта желдетүүдөн качыңыз, анткени бул учурда абанын булгануусу күч алган кез болот. Эң жакшысы эртең менен саат 4-6га чейинки убакыт аралыгында эшик-терезелерди ачыңыз.

-Автоунаанын айдоочулары транспорттун терезесин жада калса жайкы убакта да ачпай айдаганы дурус. Айрыкча тыгын маалында.

-Түтүн каптаган мезгилде активдүү физикалык көнүгүүлөрдөн баш тарта турган оң. Эртең менен чуркоону адат кылгандар жол жээгинде эмес парктарда, гүлбакчаларда же ботаникалык бакта чуркаганы жакшы.

-Кез-кездерде өпкөнү эс алдырганы жаратылышка чыгып турган оң. Эгер албетте мүмкүнчүлүк болсо.

-Күндүн көп бөлүгүн шаардын борбордук бөлүгүндө, ЖЭБке жакын аралыкта өткөрсөңүз атайын респиратордук беткап сатып алыңыз. Мындайды интернет-дүкөндөрүнөн таба аласыз. Баасы 5 доллардан 100 долларга чейин. Кадимки дарыкана беткабы зыяндуу заттардан сактай албайт, анткени абадагы зыяндуу заттар абдан майда, кадимки бет каптан өтүп кете алат.

-Ошондой эле ар бир жолу сырттан үйгө кайтып келгенде тамакты суу менен чайкап коюңуз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз