Суббота, 21 сентября

Текебаевди абакта жатканда таштабаган атамекенчилерге эмне болду?

0

Борбордук шайлоо комиссиясына “Ата Мекен” партиясынын курамынан чыгууга дагы төрт адамдар арыз түшкөн. Алар парламентке жете элек, бирок 2015-жылда берилген тизме боюнча депутаттыкка талапкерлер. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Анда айтылгандай аыз таштагандар – Талант Узакбаев, Ташболот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер. Буга чейин Алмамбет Шыкмаматов да партиядан чыкканын жарыялап, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырууга кам урган.

Алмамбет Шыкмаматов Текебаев камалгандан кийин фракция лидери болгон. Учурда айрым маалымат каражаттары Шыкмаматовдун ордуна “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигине Садык Шер Нияз дайындалаарын жазышууда.

Болот Шер менен Садык Шер Нияз бир тууган ага-инилер экенин белгилей кетели.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз