Эрдоган: Сирия менен күрттөр боюнча 1998-жылдагы келишимди ишке ашырабыз
Түркия президенти 1998-жылдагы келишимдин негизинде Сирия менен келишпестикти жоюуну баса белигледи.
IRINN агенттигинин маалыматына ылайык, Режеп Таип Эрдоган өз өлкөсү 1998-жылы Аданада бекитилген Сирия менен келишпестиктерди жоюу келишимин жүзөгө ашыруу керектигин тактады.
Белгилей кетсек, Адана 98 келишими Абдулла Ожаландын өлкө кыйын кырдаалга кабылган мезгилинде же Күрдистан Жумушчулар Партиясынын күчкө ээ болуп турган кезде Түркия менен Сириянын ортосунда бекитилген. Бул келишимдин негизги өзөгү Сирия Түркиянын оппозициялык күрттөрүнө колдоо көрсөтпөөсү эле.
Учурда Түркия жогорудагы келишимге ылайык, Сириянын Түндүгүндөгу куралчан күрттөрдү көзөмөлдөөгө укуктуу жана аскердик кийлигишүүгө да уруксаты бар. Албетте, мунун мааниси мурдагы абалын өзгөртүү менен Дамаск өкмөтүн расмий түрдө таануу зарылдыгын туюндурат.
Эске салсак, Түркия президенти бул келешим боюнча Сочиде өткөн үч тараптуу жолугушуу саммитинде билдирген.