Сириянын акыркы району ИШИМ жоочуларынан тазаланууда
Учурда Сирияда террордук уюм болуп саналган ИШИМдин акыркы кара желеги орнотулган калк жашаган аймакты тазалоо боюнча аскердик операция жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Майк Пенс Мюнхенде коопсуздук маселелери боюнча өтүп жаткан 55-конференцияда чыгып сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Сириядагы согуш 2011-жылы мартта бийликке каршы уюштурулган тынчтык максаттагы демонстрация аскерлер тынч элге ок атканда куралдуу кагылышууга айланып кеткенден кийин башталган.
БУУнун Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (УВКБ) маалыматы боюнча, бул өлкөдөгү куралдуу кагылышуудан бери 6,6 миллион адам мажбур түрдө жашап жаткан жерин которууга аргасыз болушуп, алардын 5,6 миллиону качкынга айланышкан.
Ал эми адам укугу боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматы боюнча, жети жылдан ашык мезгилге созулган согушта жалпысынан 353 миң 935 адам каза болгон. Набыт болгондордун арасынан 19 миң 811и балдар жана 12 миң 513ү аялдар.Көпчүлүгү колунда куралы жок тынч турмушта жашаган жарандар болуп саналат.
Башар Асаддын армиясынын жоокерлеринин жоготуусу 63 миң 820 адамды, ошондой эле өкмөттүк армияны колдогондордон каза болгондордун саны 58 миң 130 адамды түзөт. Булардын арасында ливандык “Хезболла” жана шиит топторунун жоокерлери да бар.
Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атам алган террорчулардын жоготуусу 63 миң 360ка жеткен. Дагы окко учкан 62 миң 39 жоочу башка аскердик топторго тиешелүү болгон.