Воскресенье, 19 мая

Банк аркылуу акча которуунун түйшүгү арбыды

0

Кыргызстанда банк аркылуу акча которууда керектелчү маалыматтардын катары кеңейтилди. Мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү даярдалып Улуттук банк тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.

Анда белгиленгендей бул терроризмге жана акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча ФАТФ талаптарын сактоо үчүн киргизилди. Учурда банктар жана акча которуу операторлору үчүн операцияны ишке ашырууга которуучунун аты-жөнү, туулган жылы, жашаган дареги, паспорттук өздүгү гана керектелсе, мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийин бул маалыматтарга салык төлөөчүнүн жеке номери да кошулат.

Андан тышкары банктар жана операторлор акча которуу боюнча маалыматты автоматташтырылган банк түзүмүндө сактап, Улуттук банктын сурамжылоосу менен үч жумуш күнү мөөнөтүндө беришет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз