Понедельник, 6 мая

Эрен: «Түркия жогорку билим берүүнүн дүйнөлүк борбору болушуна аракет кылуудабыз»

0

Эрен: «Түркия жогорку билим берүүнүн дүйнөлүк борбору болушуна аракет кылуудабыз»
Эрен БУУнун Башкы борборунда өзү катышкан иш–чарада чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын иштеринен жана чет элдик студенттерге Түркияда жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген «Түркия стипендиялары» тууралуу айтып берди.
Чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) башчысы Абдуллах Эрен, Түркиянын 2020-жылга дейре 200 миң чет элдик студентти окуткан, жогорку билим берүүнүн дүйнөлүк борбору болушун алдына максат кылып койгондугун айтты.
Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын 2010-жылы курулганын жана мекеменин башкы пландарынан биринин чет өлкөдө жашаган түрктөр менен байланыштарды өнүктүрүү жана аларды коргоо болгонун түшүндүргөн Эрен, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын маданий жана социалдык иш-чараларды жайып орток тарых жана маданий мураска ээ болгон аймактагы коомчулуктардын арасындагы байланыштарды күчтөндүрүүнү максаттаганын белгилеп кетти.
Түркияда билим алган чет элдик студенттер туурасында да маалымат берген Эрен, эл аралык чет элдик студенттерге жогорку билим берүү жана стипендия мүмкүнчүлүгүнө токтолду.
Глобалдык жактан алганда 2019-жылдан тарта 7 миллион эл аралык студенттер болгонун, Түркияда болсо 150 миңден ашык чет элдик студенттер бар экенин белгилеген Эрен, бул сандын акыркы 10 жылда 7 эсе артканын белгиледи.
Түркиядагы чет элдик студенттердин 17 миңине Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы тарабынан стипендия берилгенин айткан Эрен: «Түркия, 2020-жылга дейре 200 миң чет элдик студенттерге камкордук кылууну максаттоодо…Түркиянын жогорку билим берүүнүн дүйнөлүк борбору болушун максаттоодобуз»,- деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз