Пятница, 20 сентября

Бүгүн Кыргызстандан 150гө жакын делегациядан турган көкбөрүчүлөр Сауд Арабияга жөнөп кетишет

0

Бүгүн Кыргызстандан 150гө жакын делегациядан турган көкбөрүчүлөр Сауд Арабияга жөнөп кетишет
Бүгүн, 17-февралда Кыргызстандын көкбөрү боюнча курама командасы “Көчмөндөр ааламы” деген аталышта 9-19-мартта Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында “Төө фестивалынын” (CamelFestival) алкагында өтө турган “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына катышуу үчүн жөнөп кетишет. Бул тууралуу Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.
«Кыргызстандан Сауд Аравияга 100дөн ашуун ат жиберилет. Анын 75и көк бөрүчүлөрдүн аргымагы болсо, калганы каскадерлордуку. Бүгүнкү күндө аттарга чип коюлуп, эмдөөдөн өтүп, паспорт даярдалып жатат. Сауд Аравия Кыргызстанга атайын учак жиберип, аттарды жана катышуучуларды алып кетет. Чыгымдардын баарын уюштуруучу тарап мойнуна алган. Биз барып чыныгы көк бөрүнүн аттары кандай экенин жана кантип ойноо керектигин көрсөтөбүз. Башка өлкөдөн атаандаштарыбыз болбойт. Көкбөрүнү чет жерде жайылтууда жакшы жумуш алып барылбай жатат деп айтышууда. Алдыдагы биздин бара турган сапарыбыз кыргыз көкбөрүсүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошот деп үмүттөнөбүз. Биздин аттар жана көкбөрүчүлөр Сауд Арабияда өтө турган фестивалга даярданып жатабыз. Бирок ал жерде бир гана көкбөрү эмес, Көчмөндөр оюндарында өткөн улуттук спорт түрлөрү да болот, — деди ал.
Маалыматка ылайык, аталган эларалык мелдешке жалпысынан 95 мамлекет катышат. Ал эми көкбөрү оюну көрүүчүлөргө көрсөтүү үчүн гана ойнолот. Этнофестивалдын алкагында ар бир өлкө өзүнүн маданиятын, каада-салтын, улуттук оюндарын да көрсөтө алышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз