Воскресенье, 5 мая

Америка согушту каалабайт, а Трампчы?

0

АКШ сенатору, демократ Эд Марки президент Дональд Трамптан кокус Иранга жооп кайтара турчу болсо, каршылашуу согушка айланып кетпеши үчүн алгач конгресстин уруксатын алуусун талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Трамп аскер күчтөрүн колдонуу үчүн конгресстин так уруксатын алуусу керек”, — деди Марки.
Сенатор Твиттердеги баракчасына: “Трамптын АКШнын аскер кызматкерлеринин, жарандарынын жана багытташтарынын өмүрүнө кайдыгерлиги , анын Иран менен каршылашуусунун коркунучтуу эскалациясы биздин элди түз эле отко таштап койду”, — деп жазды.

Буга дейре Трамптын маалымат катчысы Стефани Гришэм президент Ирактагы америкалык базага сокку жасалганы тууралуу кабардар экенин жана өзүнүн кеңешчилер командасы менен акылдашып жатканын жарыялаган.

Эске салсак Иран АКШнын Ирактагы базасына ракеталык сокку жасаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз