Пятница, 3 мая

2020-жылы Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көкпар эмес, көкбөрү ойнолот

0

2020-жылы Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көкпар эмес, көкбөрү ойнолот
2020-жылы Түркияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк IV Көчмөндөр оюнунда көкпар эмес, көкбөрү мелдеши болот. Бул тууралуу кечээ Бишкекте КРнын Мамлекеттик жаштар, спорт жана дене тарбия агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.
«Бул маселе эки мамлекеттин ортосунда талкууланып, биротоло чечим кабыл алынган. Азыркы учурда ар бир Көчмөндөр оюндарында сөзсүз түрдө спорттун төмөндөгү беш түрлөрү: көк-бөрү, кыргыз күрөшү, алыш, ордо жана тогуз коргол болушу керектиги чечилди», — деп айтты Канат Аманкулов.
Белгилей кетүүчү жагдай, 14-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында Бүткүл дүйнөлүк көкпар (көк бөрү) федерациясынын жыйыны өтүп, анда катышуучу өлкөлөр көпчүлүк добуш менен тайказандан баш тартышкан.
Алар мындай чечиминин себебин көкбөрүнүн азыркы эрежелери эл аралык деңгээлде таанылбай калганын, көкбөрү федерациясында белгиленген эрежелер оюнчулар менен аттар үчүн кооптуу экендигин жана коопсуз жагдай үчүн тайказанды алып таштоо керектиги менен түшүндүрүшкөн.
Казакстандын Улуттук спорттун түрлөрү боюнча ассоциациясынын президенти Бекболат Тлеухан тайказанды алып таштоо маселесин төмөндөгүдөй түшүндүргөн:
— Биринчиден, тайказанга кыргыз менен казактан башка эч ким көнө албай койду. Экинчиден, башка өлкөлөр үчүн тайказанга ойноо чындыгында кыйын болуп жатат. Аны менен кошо минип жүргөн атка да абдан оор болууда. Канчалаган жигиттер тайказандын айынан башы жарылып, моюну үзүлүп, майып болуп калып жатат. Керек болсо тайказанга урунуп, кишинин өлүмү менен да коштолуп жатпайбы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз