Воскресенье, 24 ноября

Иранда демонстраттарга карата ок атылды

0

Иран полициясы Тегерандагы каршылык акциясынын катышуучуларын таратыш үчүн ок атуучу курал жана көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Бул тууралуу батыш ММКлары жазышууда.

ММКларга чыккан видеолорго караганда катышуучулардын бири жараат алган, анын бутуна ок тийген. Демонстраттар “Диктаторго өлүм!” деп кыйкырышты. Акция жүрүп жаткан кезде шаарды полициянын атайын бөлүмүнүн, штаттагы күч кызматкерлер жана ислам революциясын кайтаруу Корпусунун аскерлери кайтарууга алышты.

Эки күндөн бери болуп жаткан демонстрацияга иран аскерлери жаңылыштык менен “Украина эл аралык авиалиниясынын” учагын атып түшүргөнү себеп болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз