Пятница, 20 сентября

Нетаньяху Марокконун ТИМ жетекчиси менен жашыруун жолугушуу өткөргөн

0

Нетаньяху Марокконун ТИМ жетекчиси менен жашыруун жолугушуу өткөргөн
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху эки өлкөнүн ортосунда
дипломатиялык мамиле жок экендигине карабастан, Марокконун ТИМ
жетекчиси Насир Бурито менен жашыруун жолугушуу өткөргөн. Мындай
маалыматты израилдик “Канал 13” телеканалы өкмөттүн жогорку даражалуу
өкүлүнө шилтеме берип билдирди.
Телеканалдын маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөр 2018-жылы Нью-Йоркто
БУУнун Башкы ассемблеясынын талаасында жүргүзүлгөн.
Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жакшыртуу
маселелерин, мындан тышкары Иранга каршы биргелешип күрөшүүнү
талкуулашкан. Ошондой эле Нетаньяху Буритону Израил Рабатка Тегеранга
каршы туруу үчүн баардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендигин
ишендирген.
Израил премьер-министринин канцеляриясында бул маалыматка комментарий
берүүдөн баш тартышты. “Биз дипломатиялык мамиле түзүлбөгөн мамлекет
менен байланышты карабайбыз”,- деп айтылат “Канал 13” телеканалынын
суроосуна берилген жоопто.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз