Түркиянын экспорту $200 млрд.дан ашты
Түркия Африка өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнү эки эсеге көбөйтүүгө ниеттенүүдө
2018-жылы Түркиянын экспорту 200 млрд. доллардан ашты жана бул көрсөткүчкө эркин экономикалык аймактардын экспортун, транзиттик сооданы, микроэкспортту жана электрондук сооданы камтыйт. Бул тууралуу “Анадолу” агенттигине Түркиянын Экспорттоочулар кеңешинин (TIM) жетекчиси Исмаил Гүлле айтты.
Анын айтуусунда, АКШнын санкциялык саясаты Түркиянын айрым өлкөлөр менен соодасына терс таасир тийгизүүдө.
“Бул жагдайга Иран менен соодабыздын кескин кыскарышы даана далил болуп саналат. Биз Иранга карата америкалык санкциянын Түркия менен товар жүгүртүүсүнө кандай терс таасир тийгизгендигин жакшы билебиз. Азыр Түркия кошуна бул мамлекетке товарын экспорттой албайт. Биз эки тараптуу соода жүгүртүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калдык. Түркия Ирандан электроэнергия импорттойт жана келечекте аны эки эсеге жогорулатууга ниеттенүүдө. Түркия бүгүнкү күндө төлөмгө жөндөмдүү рынокторго продукциялардын көптөгөн түрлөрүн сунуштоодо. Ирандын мисалы ушундай эле абал Венесуэлада да болуп калышын айтууда. Анткени Венесуэлага каршы америкалык санкциялар кандайдыр бир деңгээлде бул өлкө менен да Түркиянын товар жүгүртүүсүнө таасир тийгизет”,- деди Гүлле.
Аталган Кеңештин жетекчиси африкалык өлкөлөрдүн импортунун суммасы жылына 500 миллиардды түзүп, анын 15 миллиарды же же 1,5%ы Түркияга туура келүүдө.
“Бул көрсөткүчтү жогорулатуу зарыл. Биз бул өлкөгө эмнени экспортто же импорттоо ыңгайлуу экендигин билүү үчүн ар бир тармакка өзүнчө анализ жүргүзөбүз. Түркия жакынкы мезгилде Африка өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнү эки эсеге жогорулатууга ниеттенүүдө. Рынокту так изилдеп чыккандан кийин африкалык өлкөлөргө болгон сооданын көлөмүн азыркы кырдаалда деле кеңейтүүгө болот”,- деди Гүлле.
Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө баардык мамлекеттер глобалдык талапка таасир берүү үчүн соода союздарын түзүшүүдө.
“Биз бул кырдаал менен ЕБде, Америкада жана Африкада карама-каршылыктарга туш болуудабыз. Буга байланыштуу Африкага болгон инвестицияны башкача көз карашта кароо керек. Мисалы, тигил же продукцияны Түркиядан импорттоп отурбай, түрк продукциясын бул өлкөлөрдө өндүргөн өндүрүштү куруу зарыл”,- деди Гүлле.
Атап айтканда, Түркия үчүн максаттуу рыноктордун бири сырткы соода дефицитине кабылган өлкөлөр болуп саналарын кошумчалады TIM жетекчиси.
“2019-жылы Түркия кытай, индия, россия жана мексика рынокторуна багыт алуусу зарыл. Жаңылык жана туруктуу экспорт быйыл биздин башкы урааныбыз болмокчу”,- деди Гүлле.