Учурда Москванын 40 ооруканасын, поликлиникаларды текшерип башташты. Себеби мина коюлгандыгы тууралуу анононимдүү маалыматтар келип түшкөн.
“Ар кандай жардыруулар боюнча маалыматтар дагы эле келип атат. Медициналык мекемелерди текшерип жатабыз”- деди өзгөчө кырдаалдар кызматынан.
Былтыркы жылдын акыркы күндөрүнөн бери мина коюлгандыгы жөнүндө маалыматтар түшө баштаган. Соода түйүндөрүн, метро, вокзал, мектеп жана бала-бакчаларды текшерүүгө алышкан. Бирок бардыгы жалган болуп чыккан.