Понедельник, 20 мая

Алтынбек Максүтов «Кыргыз эл артисти» болду ВИДЕО

0

1972-жылы 13-октябрда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайынан билим алган.

Ал эми 1996-жылдан 2000-ж чейин М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуган. Алгач эмгек жолун Тогуз-Торо районунун маданият үйүндө актердук кесиби менен баштаган. Андан соң борборубуздагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актерлугун уланткан.

1989-жылдары Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык театрында калың элге талантын тартуулап турган. Чыгармачылыкка болгон терең кызыгуусунун артынан алгач режиссердун жардамчысы болсо, кийинчерек Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы режиссеру кызматын аткарган.

Кыргыз маданиятын таанытууга кошкон салымы чоң болгондуктан маданият, маалымат жана туризм министри болуп 2 жыл иштеген. Андан кийин Кыргыз улуттук филармонияда көркөм жетекчи болгон. Мындан тышкары маданий иш-чараларда активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун Кырчын жайлоосундагы концерттик программасына режиссерлук кылган.

Мына ушундай талыкпаган эмгеги бааланып 2016-жылы “Манас” ордени менен сыйланган. Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алса, бүгүн, 20-январда, ошол наамдын төш белгисин КР Президентинин өз колунан тагынып отурат.

Бул сыйлык талыкпаган эмгегинин үзүрү десек жаңылышпайбыз. Учурда Кыргыз улуттук филармониясынын көркөм жетекчиси жана 3 баланын камкор атасы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз