Понедельник, 20 мая

Апал Базарова: «Окуучум Алтынбек Максүтов менен чогуу наам алдым, сыймыктанып жатам» ВИДЕО

0

Билим берүүдө 40 жылдык тажрыйбасы бар мугалим Апал Базарова билим берүүнү санариптештирүүгө чоң салым кошту. Ал Тогуз-Торо районундагы Казарман айылындагы №1 Тоту Мойдунов атындагы “Макмал” орто мектепти жетектеп келет. Өзү иштеген мектепке инновациялык ыкманы киргизген. “Азия Өнүктүрүү Банкы” бөлгөн 5млн сомдук грантка мектепти компьютер менен камсыздаган.

Ошол эле мектептин мугалимдери электрондук конспект жана журналды колдоого алышып 35 мугалим ушул ыкма менен башталгыч класстарга билим берип иштеп жатышат. Анын натыйжасында мугалимдер убактыларын үнөмдөсө, ата-энелер баласынын окуудагы деңгээлин үйдөн чыкпай эле көрө алышат. Бир өрөөндү өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн айыл эли, мугалимдер арасында сыйга татыктуу.

Мына ушундай жакшы мүмкүнчүлүктү түзгөн Апал Базаровага КР эмгек сиңирген мугалими наамы ыйгарылды. Буюрса келечекте мындан дагы алгылыктуу иштерди аткарарына шегибиз жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз