Өбекстанда жаңы парламенттик шайлоо болгондугуна байланыштуу мурдагы өкмөт кызмат ордунан бошотулду. Бирок министрлер кабинети түзүлгөнчө иштеп турат.
Өкмөт Өзбек республикасынын Конституциясынын 98-статьясы менен отставкага кетти.
Ал эми жаңы премьер-министрдин кандидаттыгы бүгүн, 21-январда, парламент палатасынын отурумунда каралат.
Эскерте кетсек, 22-декабрда Олий мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына (парламенттин төмөнкү палатасы) шайлоо болуп өткөн.