Понедельник, 20 мая

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады

0

2020-жылдын 19-январында, 86 жаш курагында улуу манасчылардын жолун жолдогон залкар манасчы, төкмө акын, элибиздин кадырлуу аксакалы Сапарбек Касмамбетов дүйнө салды.
Ал Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында чыгармачылыгы таанылып, элдик ыр күүлөрдү, дастандарды жайылтуучулардын бири болду. 1992-жылы өткөрүлгөн республикалык төкмө акындардын биринчи айтышынан тартып акындык өнөрдү алдыга сүрөп, жол баштап, шакирттерди өстүрүп чыкты.

Сапарбек Касмамбетов кыргыз журтуна залкар манасчы катары да таанылып, эл алдында улуу Манас дастанын күн-түнү айтып, өзүнүн манасчылык өнөрдөгү өзгөчөлүгү, айтуу ыкмасы, образы менен айрымаланып, элдин оозунда бийик баага арзыды. Ал манасчылык өнөрдү жети жашынан аркалап, атактуу манасчылардын изи менен жүрүп, алардын өнөр шыбагасын боюна сиңирип, устат өнөрүн узанып келди.

Айтылуу манасчы, залкар талант 2010-жылы «Улуу Баян» коомдук фонду тарабынан «Эл манасчысы» наамына арзып, «Залкар манасчы» сыйлыгын алган. Анын манасчылык, төкмөлүк өнөрү жогору бааланып «Даңк» медалы, «Манас 1000» мааракелик медалы менен сыйланган, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган.

Маркум Сапарбек Касмамбетовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2020-жылдын 21-январында эртең мененки саат 10.30да А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз