Понедельник, 20 мая

Президент кесипкөй инсандарга сыйлык тапшырды

0

Президент С. Жээнбеков өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги оң жетишкендиктери үчүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды.

“Манас” орденине ээ болгондор: Абдиваит Тажибаев, Роза Айтматова, Актанов Табылды, Өскөн Осмонов.

“Даңк“ ордени менен Байма Сутенова, Александр Фёдоров, Динара Чочунбаева сыйланды.
“Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл жазуучусу” наамына ырчы Майрам Дүйшөкеева, балерина Айзада Тумакова, актер жана режиссер Эгемберди Чалабаев, режиссер Алтынбек Максүтов жана жазуучу Абдылдаев Шаршеналы татыды.

Ал эми “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы комузчулар Токтомурат Осмоналиевге жана Намазбек Шеркуловго, Айымкан Кенжеевага берилди.
КР “эмгек сиңирген дарыгери” наамына Елена Жданова, Алмазбек Кубатбеков ээ болушту.
КР “эмгек сиңирген мугалими” наамы Жанузакова Ибадат Шакиевнага, Стаханов Токтожума Мадиевичке, Бардагүл Качканаковага ыйгарылды.

Айдай Асангулова, Сабира Солтонгелдиева, Алымкан Субанова, Каныбек Бекмурзаев Президенттин Ардак громатасы менен сыйланышты.

Каракол шаарындагы “Бир айыл — Бир продукт” коомдук бирикмеси жана Бишкек шаарындагы “Дан Агро Азыктары” жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыктуу ишканалар аталды.

Президент өлкөнү өнүктүрүүгө жана элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган реформалар улантыларын белгиледи.

Эске салсак, тиешелүү Жарлыкка Мамлекет башчысы тарабынан 2020-жылдын 30-декабрында кол коюлган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз