Понедельник, 20 мая

Такталбаган товарларды ташууну жоюу керек

0

«Бүгүнкү күнү көптөгөн жоопкерчиликсиз салык төлөөчүлөр ЕАЭБ ичинде эркин товар жүгүртүү укугунан пайдаланып, товарларды, анын ичинде мунай продуктуларын тиешелүү документтерсиз жана кыйыр салык төлөө аркылуу ташып жатышат. Ташылган жүк боюнча так эмес маалыматтарды чагылдыруу фактылары бар. Кагазда товарлардын саны жана аталыштары башка, чындыгында таптакыр башка продукт ташышат», — деди Замирбек Аскаров.

Анын айтымында, мындан тышкары салык кызматынын түзүмүндө белгиленген товарларды каттоо пункттарынын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кыла турган өзүнчө бөлүм түзүлдү;

— реалдуу убакытта ташылып келинген жүк тууралуу аймактык салыктык органдарга маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн автоматташтырылган система ишке кирди;

— «Чалдыбар» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пункттарына жакын жерлерге товарларды каттоонун стационардык пункттун куруу боюнча иштер аяктоодо;

— чек ара аймактарындагы оор салмакты көзөмөлдөөчү автоматташтырылган система жайылтылды. Мындай системалар Чүй облусундагы Ак-Тилек жана Чалдовар, Талас облусундагы Чоң-Капка постторуна орнотулду;

— Кыргыз Республикасына унаа (бензовоз) менен нефть, мунай заттарын, экологиялык күйүүчү май жана башка мунай заттарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр тиешелүү органдарга ташылган КММ сапатынын жана түрүнүн дал келүүсү тууралуу ыкчам бүтүм чыгарып берүү маселесин иштеп чыгууну, бензанол сыяктуу товарлардын түрлөрүнө акциздик салык киргизүү каралган мыйзам долбоорун карап чыгууну, май куюучу жайларга мыйзамсыз мунай продуктуларын ташуу мүмкүндүгүн жойгон механизмди иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз