Понедельник, 20 мая

Ички дүң продукт боюнча өткөн жыл жыйынтыгы

0

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 590,0 млрд сомду түзүп, реалдуу алганда, 4,5%га жогорулады. Өнөр жай продукциянын көлөмү дээрлик 278,6 млрд сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 21 млрд сомго өскөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү металл кени, негизги металлдар, курулуш материалдары, кийим-кече, чийки нефть, жаратылыш газы жана көмүр казуу, ошондой эле тамак-аш өнөр жайындагы өндүрүштүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Муну менен катар курулуш тармагында 19,6%, айыл чарба тармагында 2,6%, кызмат көрсөтүү – 2,9% өсүш бар. Мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында айтылды.

Вице-премьер-министр 2019-жылдын 11 айында тышкы соода жүгүртүүдөгү өзгөрүүнү белгилеп, анын көлөмү 6,2 млрд АКШ долларын түзгөнүн кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз