Пятница, 20 сентября

Түркия – гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча дүйнөлүк лидер

0

Түркия – гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча дүйнөлүк лидер
Бүгүнкү күндө миллиондогон качкындар түрк жергесинде башпаанек табышууда.
Түркия гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Бул тууралуу Түркия Кызыл Жарым ай коомунун төрагасы Керем Кынык билдирди.
«Түркия дүйнөдө ИДПга салыштырмалуу гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча биринчи орунду ээлейт – 0,75%. Түркия өтө деле бай эмес, анткен менен дүйнөдөгү аябай кеңпейил өлкө», — деди Кынык.
Аталган уюмдун жетекчиси бүгүнкү күндө Түркияда «өздөрүн түрк жергесинде ата мекениндегидей сезген» 4 миллиондон ашык качкындар жашап жатышкандыгын эске салды. «Биз аларды бөлүп-жарбайбыз, биздин үйлөр жанаша жайгашкан, ал эми балдарыбыз бир эле мектепте окушат», — деди ал.
«Баардык өз мекенинен качууга аргасыз болгондор үчүн Түркия эркиндиктин символуна айланып калды», — деп белгиледи Түркия Кызыл Жарым ай коомунун төрагасы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз