Пятница, 20 сентября

2020-жылы эл каттоо болот

0

2020-жылы эл каттоо болот
Бул тууралуу бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алганда айтылды.
Мамлекет башчы менен аталган ведомствонун жетекчиси 2020-жылы Кыргызстанда өтө турган калкты жана турак-жай фондун каттоого даярдык маселесин, республиканын каттоо системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жана милдеттер, айрыкча экономиканы өнүктүрүү бөлүгүн талапка ылайык келтирүү, ошондой эле статистикалык маалыматтарды таркатуунун актуалдуулугун талкуулашты.

Президент калкты жана турак жай фондун каттоо — бул өлкөнүн аймагында жашаган бардык калктын социалдык, демографиялык жана экономикалык белгилери боюнча расмий эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган маанилүү иш-чара экенин белгиледи.

Каттоонун жыйынтыгы менен өлкөнүн жана аймактарды өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасын талдоого жана иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Президент алдыдагы калкты жана турак-жай фондун каттоону өлкөнү санариптештирүүнүн, электрондук форматка өтүү алкагында заманбап технологияларды колдонуу менен өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

«Улуттук статистика комитети маалыматтарды гана чогултпастан, аларды талдап, мамлекеттик түзүмдөргө талдоонун жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык багыттагы сунуштарды берүүсү керек. Бул практиканы кайра жандантып, улантуу зарыл», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары Президент калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча иш чаралардын календардык планынын аткарылышына, административдик аймактык чек араларды аныктоо, турак-жай карталарын жана республикалык эмгек классификаторун даярдалышына кызыкты.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-январына карата өлкөдөгү калктын саны 6 294 587 адамга жеткен жана жылдык өсүү 1,67%ды түзөт. Ал эми 2035-жылга карата өлкө калкынын саны 7 300 275 адамга, жылдык өсүү 4,33%га жетери болжолдонууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз