Президент Баткен жана Жалал-Абад облустарына барат
КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 20-февралда Мамлекет башчысы иш сапары менен Баткен облусуна, эртең, 21-февралда Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен жолугушат.
Мындан тышкары, Мамлекет башчысы бул аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.