Пятница, 20 сентября

Вашингтон саммитке катышарын айта элек

0

Вашингтон Орусиянын Президенти Владимир Путиндин БУУнун Коопсуздук кеңешинин саммитине болгон чакыруусуна расмий түрдө жооп бере элек. Бул тууралуу орусия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков билдирди.

Эскерте кетсек, өткөн жумада болгон Бүткүл дүйнөлүк форумда Орусия президенти Кытай, АКШ, Франция жана Великобритания лидерлерин дүйнөлүк маселелерди чечүү үчүн саммит өткөрүүнү сунуштаган.

Орус лидери саммитти кайсы өлкөгө ыңгайлуу болсо өткөрүүгө макул. Ал Орусия олуттуу сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирди. Ал 2020-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштун 75-жылдыгына жана БУУнун түзүлүшүнө карата өткөрүүнү туура көрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз