Түркиядагы Жер ортолук деңизинин жээгинде 5,4 магнитудалык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Түркия өкмөтү кабарлады.
Жердин силкиниши жергиликтүү саат боюнча 18:38де 25м тереңдикте катталган. Анын эпицентри болуп Мугла провинциясындагы Мармарис районунан 142,11 км аралыктагы аймак эсептелет.