Пятница, 20 сентября

М. Аббас: «Миң жолу жок!»

0

“Миң жолу жок!”. Бул жарым-жартылай мамлекет катары таанылган Палестина Президентинин Жакынкы Чыгышты жөнгө салуу боюнча Ак үйдүн башчысынын планына каршылыгы.

Махмуд Аббас телевидениелердин бирине берген маалыматында тынчтыкка келүү үчүн Палестина мамлекети 1967-жылдагы чек аралары менен түзүлүшү керек.

“Мен Трамп-Нетаньяху дуэтине Иерусалим сатылбайт, Палестина элинин укуктары сатыкка коюлбайт, силердин жашыруун кыла турганыңар ишке ашпайт деп айткым келет”-деди Аббас өз сөзүндө.

Мындан сырткары Палестина жетекчилигинин Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу пландары тууралуу маалымат берди. Анын сөзүнө таянсак, бир дагы палестиналык жаран Иерусалим еврей мамлекетинин бөлүнгүс борбору болушун каалабайт.

Махмуд Аббас Израиль менен Эл аралык “төрттүк” жактоочусу (Орусия, АКШ, БУУ, ЕС) астында сүйлөшүүгө даяр экендигин кошумчалады. “Биз Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессинде Вашингтонду ортомчу катары кабыл албайбыз”- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз