Пятница, 20 сентября

Кыргызстандын аскер чөйрөсүндөгү өкүлдөр тажрыйба алмашышы мүмкүн

0

28-январда Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Германия Федеративдүү Республикасынын Коргонуу министрлигинин Мамлекеттик Катчысы Петер Таубер менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлады.

Тараптар аскер чөйрөсүндөгү, регионалдык коопсуздук тармагындагы кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.
П.Таубер Кыргызстандын аскер чөйрөсүндөгү өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашууну жүзөгө ашырууга, тренингдерди өткөрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз