Пятница, 20 сентября

Кытай жарандары Кыргызстанга келди

0

28-29-январь күндөрү Кыргызстанга Кытайдан 42 киши келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, келгендердин 24ү кыргызстандык, калган 18и кытайлык жарандар.

«Келгендердин баары тепловизордун жардамы менен медициналык процедурадан өтүштү, аларда оорунун белгилери табылган жок. Москва районундагы ооруканада 6 киши, Сокулук районунда 3 киши жатат. Алардын абалы канааттандыраарлык, дарыгерлер көзөмөлдөшүүдө. Калган 33 киши андан ары жашаган жеринен медициналык көзөмөлдөн өтүшү үчүн үйлөрүнө кое берилди», — деп билдиришти министрликтен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз