Пятница, 20 сентября

Ат-Башыга логистикалык борбор курулабы?

0

«Келгендерден кеп уктум,
Ат Башыдагы логистикалык борборду салчулар,
«задный» берди деп уктум.
Маалымат жактан » өкмөт» аке,
Утулуп калды деп уктум.
Эээ ошондо Муха байке болбой мен болсом,
Чийбейт белем сызыкты,
Көрсөтпөйт белем кызыкты,
Келишимди көрсөтүп,
Кылдырбайт элем бузукту.
Кокту колот айылга,
Түшүндүрүү жүргүзүп,
Жасатпайт элем митингди. Деп улайын деп өтө мактанып кетип бара жатканымды эстеп кеттим))). Эми нааразы болуп жаткандар акча чогултуп көрөлү. Өзүбүз курабыз деп кыйын болуп жатпадык беле»- деп жазды фейсбук колдонуучусу Сыргак Бактыяров.

Эске салсак, 2019-жылдын аягында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башы районуна барып индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген. Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулганы жатат.

Борборду кура турчу инвестор — «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсы. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири «Нур Строй Монтаж» компаниясынын жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров, ал эми кытай тараптан One Lead One (HK) Trading Limited компаниясынын жетекчиси Лю Инь.

Долбоордун сметалык баасы 280 миллион АКШ долларын түзөт. Логистикалык борборду курууга «Нарын» эркин экономикалык аймагы инвесторлорго 176 гектар жерди 49 жылга ижарага берген. Азыркы тапта инвесторлор ижара акысынын 43 миллион сомун төлөгөн.

Учурда эл арасында талаш-тартыштар уланып жатат. Кээ бири макул болсо, айрымдары каршылыгын билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз