Пятница, 20 сентября

Автокырсыктан кичинекей кыз жабыркады

0

Бишкек шаарынын 12-кичи районундагы Нуркамал көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 31-январда эртең менен болгон. Анда «Лексус» менен «Ауди» кагышкан.

“Эртең менен саат 7:30дар чамасында Ауди менен Лексус үлгүсүндөгү машиналардын кагышуусу болгон. Эки айдоочу жана бир кичинекей кыз “Тез жардам” менен №4 ооруканага жеткирилди. Ал эми автоунаалар айып аянтчасында токтоп турат ” — деп билдиришти патрулдук милициянын басма сөз кызматынан.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз