Пятница, 20 сентября

Басылма баяндайт: Гүленчилердин кооптуу саботажы…

0

2020-жылдын 23-январында “АЧЫК СӨЗ” коомдук маалыматтык гезити №1(179) санына  “Гүленчилердин кооптуу саботажы” деген аталышта аналитикалык макаласын жарыялаган. Макалада мурдагы консул Сопоковдун Матраимов чырына байланыштуу тоз-тополоң менен кошо кызматтан кеткени, анын ордуна консулдук кызматка талпынып жаткан талапкерлер, алардын деле артындагы калбыры Сопоковдукунан ашса ашып, асты кем калбаганы тууралуу кеңири баяндалган. Төмөндө аталган макаланы “АЧЫК СӨЗ” гезитинин макулдугу менен сайтыбызга жарыялоону эп көрдүк.

Гүленчилердин кооптуу саботажы…
Ушул күндөрдө Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна социалдык тармактар аркылуу талапкерлер сунуштала баштады. Мурдагы консул Сопоковдун Матраимов чырына байланыштуу тоз-тополоң менен кошо кызматтан кеткени маалым. Бирок анын ордуна азыр консулдук орунга сунушталып жаткан адамдардын кээ бирлеринин деле Стамбулга барса Сопоковдон кем калбаган ызы-чууга себеп болоору айтылууда.

Түркиянын Стамбул шаарындагы башконсулдук кызматка сунушталгандардын бирөө, окуу жылынын башында контейнер-мектеп чырынын артынан Нарын облусунун губернатору кызматынан алынып, көп өтпөй өнөр-жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин жетекчиси болуп дайындалган Аманбай Кайыпов болууда. Ал эми экинчиси, журналист, 1993-1998-жылдар аралыгында Түркиядан билим алган жана 2011-2014-жылдары “Эркин тоо” гезитинин редактору болуп иштеген Манас Осмон. Бул эки талапкерден сырткары дагы көптөгөн ысымдар сунушталып жаткандыр. Бирок, интернет сайттары жана соцтармактарда ушул эки кишинин гана аты-жөнү консулдукка талапкерлер катары кызуу талкууларды жаратууда.

Дүйнө жүзү боюнча геосаясат кызуу жүрүп, өзгөчө Түркия Республикасынын акыркы 20 жылдын ичинде экономикалык жактан болуп көрбөгөндөй өзгөргөнүн жана чоң өлкөлөрдүн катарына кирүүгө умтулуп, ким менен кандай мамиледе болуу керектигин өзү аныктап жаткан учурда, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы консулдук кызматына жети өлчөп бир кесип туруп консул дайындабасак, араңдан кайра оңолуп келе жаткан кыргыз-түрк мамилесин бузуп алышыбыз толук мүмкүн. Стамбул шаары Түркиянын борбору болбосо да, дүйнөдөгү эң ири шаарлардын катарында жана стратегиялык жактан өтө маанилүү болгон Босфор кысыгы да шаардын ортосун кесип өтөт. Кыргызстандык мигранттардын жана студенттердин да көпчүлүк бөлүгү Стамбул шаарында жашайт, иштейт жана окуйт. Андыктан, мурдагы консулдарыбыз Түркияда соода-сатык менен алек болуп жүргөн болсо да, түрк мамлекети менен мамилени өнүктүрүүдө Стамбул шаарына дайындала турган консулдун кылдат тандалышы абзел.

Буга чейин дайындалган элчилерге жана консулдарга карата сындар көп айтылып келет. Кээ бирлери түрк тилин, маданиятын, саясатын жана эң негизгиси кулк-мүнөзүн жакшы билишпейт делсе, кээ бирлери Түркиядагы кыргыздар үчүн жан үрөп иштегенин айткан же уккан адамды таппайсың.

Кыргызстан менен Түркиянын тили, дини жана теги бир эки өлкө экени дүйнө жүзүнө маалым. Түрктөр менен көз карандысыздыкты алган алгачкы күндөн тартып кызматташып келебиз. Тилекке каршы, 2016-жылдын 15-июлундагы Түркиядагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда ФЕТО уюмуна тыйуу салынуусу жана бул уюмдун Кыргызстандагы мүчөлөрүнүн кыргыз бийлигин түрктөргө каршы тукурган иш-аракеттеринин натыйжасында эки өлкөнүн мамилеси бузулган эле. Алмазбек Атамбаевдин доорунда гүленчилер түрктөрдүн ордун америкалыктарга алып берүү үчүн болгон күчүн жумшады. Азыр бийлик учурунда деле Фетхуллах Гүлендин аскерлери Түркиянын Кыргызстандагы элчисине чабуул койуу менен кыргыз-түрк мамилесин бузууга аракет кылууда. Ооз ачаар мааракесиндеги кылгылыкты кылгандар, түрк элчисин сотко берүү аркылуу эки мамлекеттин ортосуна от жаккысы келгендер дал ушул гүленчилер болууда.

ФЕТО уюмунун акыркы жүрүшү Стамбул консулдугуна өзүнүн адамын дайындоону максат кылгандай көрүнөт. Фетхуллах Гүлен тобу бул максатта Манас Осмонду Кыргызстандын Стамбулдагы консулу кылууга жан үрөп жатат деген маалыматтар пайда болууда. Манас Осмондун мурда гүленчилерге таандык делген “Заман Кыргызстан” гезитинин редактору Мустафа Башкурттун орун басары кызматын аркалап келгени белгилүү. Убагында гүленчилердин медиа тармагындагы эң чоң каражаты болгон бул гезит, ФЕТОго таандык делип Түркияда тыйуу салынган “Заман” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү болгон.

Жыйынтыктап айтканда, чет өлкөгө элчи же консул дайындоодо геосаясий абалды жана анын ички саясатка тийгизген таасирин эске алуу менен чечим чыгаруу мезгили келди. Кыргызстандын өкүлү катары түрктөргө гүленчини жиберүү туура эмес. Гүленчи консулдун эки өлкөнүн мамилесин бузууга аракет жасаары толук мүмкүн. Президент Сооронбай Жээнбековго карата саботаждардын саны арбын болуп жаткан ушул учурда анын тышкы саясатта да сокку алуусу жеке эле өлкө жетекчибиз үчүн эмес, мамлекетибиз үчүн да жакшы болбошу шексиз.

Элдияр Калилов

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз