Суббота, 21 сентября

Холера оорусу каптап жатат

0

Эфиопияда холера эпидемиясынан каза болгондор көбөйүп жатат. Аталган оруудан жабыркагандардын да саны өсүүдө. Бул тууралуу Кытай «Xinhua» маалымат агенттиги билдирген.

Эфиопия коомдук саламаттыкты сактоо институнун маалыматында, акыркы бир нече айдын ичинде эле 76 адам каза тапкан, 10 000 ашык адам орууну жугузуп алган. Азыр дагы ооруканага кайрылып жаткандар бар.

Холера оруусу өлкөнүн 6 штатында байкалып жатат. Бирок коомдук саламаттыкты сактоо институту кайсы шаарда экенин азырынча айта элек. Бирок Аддис Абебенин борборунда катталганын аталган агенттик жазган.

Инфекция биринчи жолу 2019-жылдын апрель айында башталган. Ошол учурда жүздөгөн адам көз жумган.

Холера- адамдын ичеги-карынын жабыркатып, организмди суусуздандыруучу катуу кармаган жугуштуу оору. Бул оорунун булагы болуп оорулуу киши же анын козгогучун алып жүрүүчүлөр эсептелет. Холераны үтүргө окшогон микроб — вибриондор козгойт. Оорулуулар жана козгогучту алып жүрүүчүлөр вибриондорду өзүнүн заңы, кусундусу менен тышка бөлүп чыгарып, айланасындагы тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече, төшөнчү-орундарды, агын сууларды булгашат. Соо киши болсо мындай булганган сууну кайнатпай ичкенде, дааратканадан кийин колун жуубай, тамак-аш жегенде, оорулуулар колдонгон идиш-аяктарды, жуулбаган буюмдарын кармаганда холераны жугузуп алышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз