Суббота, 21 сентября

Социалдык тармактар чектөөгө алынат

0

Евробиримдик  жек көрүүгө чакырган, европа демократиясына залакасын тийгизе турган фейк маалыматтарды өчүрбөгөн социалдык тармактарга жана башка коммуникациялык платформаларга чектөө киргизет. Бул тууралуу индустрия боюнча еврокомиссар Тьерри Бретон Facebook компаниясынын башчысы Марк Цукерберг менен жолугушканда айтты.

“Социалдык тармактар, анын ичинен Facebook европалык колдонуучулардын жана биздин демократиянын алдында жоопкерчиликтүү. Биз алардын контентин көзөмөлдөө үчүн сүйлөшүлөрдү жүргүзүп жатабыз”- деди Бретон.

Эгерде социалдык тармактар белгилүү иш-аракеттерди кылбаса Евробиримдик катуу жаза колдонорун жана Бретон Цукерберг менен сүйлөшүү ийгиликтүү болгонун кабарлады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз