Суббота, 21 сентября

Кыргызстандыктан коронавирус табылды

0

Жапониядагы коронавирус катталган Diamond Princess  кемесинде ооруну жуктуруп алган кыргызстандык жаран бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Аталган кеме 5-февралдан бери Йокохама портунда токтоп турган. Кемеде жалпы 450 адам коронавирус менен ооруп жатканы айтылат.

Бүгүн, 18-февралда коронавирус менен жабыркагандарды кабыл алган врач Лю Чжимин өзү  аталган оорудан улам көз жумду.

Буга чейин коронавирусту айтып чыккан офтальмолог Ли Вэньлян дагы коронавирустан каза тапкан.Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирустан 1873 адам каза тапса, 73 000 бейтап оору менен алышууда. 12798 адам оорудан айыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз