Суббота, 23 ноября

Орусия менен Белоруссия согушушу мүмкүнбү?

0

Украинанын тышкы иштер министри Орусия менен Белоруссия ортосунда согуш чыгыш мүмкүн экенин кабарлады. Ал белоруссиялыктар тынч жана сабырдуу болушарын, украин эли дагы бир учурга чейин ошондой болгонун айтты. Министр Минсктин Орусия менен байланышында эки гана мамилеси калды деп эсептейт.

ТИМ башчысы Вадим Пристайко чехиялык Respekt маалымат булагына берген интервьюсунда Орусия менен Белоруссиянын ортосундагы согуш беларустардын көз карандысыз болууга умтулуусунан башталышы мүмкүн деген.

Пристайконун пикиринде Белоруссия оор кырдаалды башынан өткөрүп жатат. “Көп жыл мурда белоруссиялык журналисттер менен сүйлөшкөндө, эгер көз карандысыз болгуңар келсе биз башыбыздан өткөргөн согушту, кыйынчылыкты жана азапты басып өтөсүңөр дегениме ишенишкен эмес эле. Мына эми айтканыма күмөнү азайды”-деди ТИМ башчысы.

Украиналык Вадим Пристайконун сөзүнө  белоруссиялык депутат Геннадий Давыдько жооп кайтарды. Депутаттын айтымында Киев мындай тариздеги сөздү оңой эле айта алат. Себеби Украина Москва менен мамилесинде жогото турчу эч нерсеси жок.

Давыдько согуш болушу мүмкүн эмес экендигин, Орусия менен Белоруссия бир туугандыгын жана ушул боюнча калышы керектигин кошумчалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз