Суббота, 21 сентября

Бишкекте 17 градус жылуу болот

0

Эртең, 22-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында жаан, кар жаайт, өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт.

Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 15…17 градус болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз