Суббота, 21 сентября

А.Тыныбекова Бишкек сааты боюнча 18:30да беттешке чыгат

0

18-февралда спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты башталган. Чемпионат Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып алгачкы кармашында эле жапониялык Юкака Каваиге 6:1 эсебинде жеңилди. Бирок жапон балбаны Каваи финалга чыкканы үчүн Айсулуу Тыныбекова мелдештин коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.  Бул тууралуу «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалымдалган.

Коло байге үчүн беттеште Тыныбекова индиялык Сонам Сонам менен күрөшөт. Кече кыз-келиндер күрөшүнөн кыргыз балбаны Айпери Медетбек кызы Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынган.

Финалдык жана коло байге үчүн беттештер Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:30да башталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз