Суббота, 21 сентября

Трамп: «Бул эмне деген шумдук?»

0

Американын президенти Д.Трамп Түштүк Корея жараткан «Паразиты» тасмасына «Оскар» сыйлыгынын «Мыкты фильм» байгеси берилгенине нааразы болду. Бул тууралуу чет элдик ММКлар жазып чыгышты.

«Бул эмне деген шумдук? Түштүк Корея менен соода жаатында көйгөйлөрүбүз көп болуп турса, аларга «Мыкты фильм» сыйлыгы берилип жатат. Бул жакшыбы билбейм» — деп Трамп Колорадо штатындагы митингде сүйлөгөн.

Эсиңиздерге салсак, 9-февралдан 10-февралга караган түнү “Оскардын” токсон экинчи сыйлыгын тапшыруу аземи болгон. Анда түштүк кореялык режиссёр Пон Чжун Хонун «Паразиты» деген тасмасы  «Жылдын мыкты тасмасы» номинациясын алган. “Оскардын” тарыхында биринчи жолу чет элдик кино бул номинацияны жеңип алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз