Малайзиядагы «Альянс надежды» коалициясынын жогорку кеңешмеси 94жашка чыккан өлкөнүн премьер-министри Махатхир Мохамад өзү каалаган учурда кызматын таштап кетүүсүн чечишти. Бул тууралуу Star гезити жазды.
Махатхир 2018-жылы оппозициялык коалициядан премьер-министр болгон. Бул убакытка чейин ал 22 жыл өкмөттү башкарган партиянын башында турган. Махатхир жана коалициядагылар премьер кеткенден кийин Анвар Ибрагим келерин айтышты.
Махатхир Мохамад 2 жылдан кийин кызматыман кетем десе, өткөн жылдын аягында 2030-жылы кетерин кабарлаган. Себебин мурдагы өкмөттүн бүтпөй калган иштерин бүтүрүшү керектиги менен түшүндүргөн.
“Мага кызматтан каалаган убакытта кетериме уруксат бергендери үчүн сыймыктанам. Чечим бир добуштан болду”- деген Махатхир.
Ал эми Анвар Ибрагим өзү Махатхирге бул сунушту киргизген. “Ал кетүү убактысын өзү чечет. Ага чейин чыдайм”- деген Star гезитине берген интервьюсунда.