Суббота, 21 сентября

23-февралда дасторконго эмне коюлушу керек

0

Мырзалар ашказаны аркылуу сүйөт деп айтылат. Ал эми 23-февраль күнү “коргоочуңузга” даамдуу тамак-аштарды жасап берсеңиз мырзаңыз үчүн эң сонун белек. Кандай азыктар мырзаңыздын көңүлүн көтөрөрүн башкы ашпозчу Антон Калер белгиледи.

Дасторкондо пайдалуу жана даамдуу тамактар болушу керек. Йогурт, бууга бышкан балык, сулуу данын (овсянка) бул күнү койбой эле койгон оң.

Эртең мененки тамактанууда көнүмүшкө айланган сосискаларды колбасага, куурулган жумуртканы сэндвичке алмаштыруу керек.

Майрамдык түштөнүүгө эттүү тамакты сунуштайт. Стейк жасасаңыз мырзаңыздын кубанганын даана байкайсыз. Аны менен бирге жашылчалардан жасалган салат ашыктык кылбайт.

Антон Калердин айтымында, “коргоочулар” шилекей агызган таттуулардан баш тартышпайт. Колго жасалган торттор, булочкалар дасторкондун көркүн ачат. Эң негизгиси аталарыбызды, байке жана иничектерди жылуу сөздөр менен куттуктоо алар үчүн чоң белек болорун унутпайлы.

Жалпы мырзалар, 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайбыз.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз