Суббота, 23 ноября

Киноишмерлерге, жазуучуларга, журналисттерге жакшы мүмкүнчүлүк жаралды

0

Мекенчилдик жана мекенди сүйүү, үй-бүлөлүк салттарды сактоо жана бекемдөө, жаштар жана келечек муунду тарбиялоо, балдарды колдоо, айлана чөйрөнү жана экологияны коргоо, туулган жерге аяр мамиле кылуу темалары боюнча толук метраждуу көркөм фильмдин “мыкты сценарийине”  сынак жарыялайт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Сынакты  өткөрүү жана сценарийлерди кабыл алуу мөөнөтү 20-мартка чейин болот.

“Мыкты сценарий”  конкурсуна Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй киносценаристтер, киноишмерлер,  жазуучулар, журналисттер катыша алышат.

Сынактын  катышуучусу “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын Көркөм кеңешинин кароосуна өз сунушун коштомо каты менен конвертте чапталган түрдө берет. Конверттин бетинде катышуучунун аты жөнү, фамилиясы, атасынын аты, электрондук почтасы, телефону жана “СЫНАККА” деп жазышы керек.

Сынака сунушталган сценарийге коюлуучу техникалык талаптар:

— 5 нускадан турган киноценарийдин тексти, анын электрондук версиясы;

— текстин тили – мамлекеттик жана расмий;

— текстин форматы — Microsoft Word “doc”;

— сценарийдин көлөмү – 100 бет (хронометражы 90 мүнөткө чейин);

— шрифти — 12 Times New Roman;

— текстин жайгашы: жогору жагы -2,5 см, төмөнкү жагы -1,2 см, сол жагы -3,7 см, оң жагы- 2,5 см.

Сценаристтер Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясы, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш, Динара Асанова көчөсү, 1. Тел.:  344569, 344626. Факс: 344631. Конверттин сыртында Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясы, “СЫНАККА” деп жазуусу шарт.

Сынактын жалпы талабы боюнча башка жолдор менен жиберилген сунуштар каралбайт. Жиберилген сунуштар рецензияланбайт жана кайтарылбайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз