Суббота, 18 мая

Ататүрк сейил багы оңдолот

0

Ататүрк сейил багы Түркиядан келген гранттын эсебинен оңдоп-түзөлөт. Бул маалыматты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, “Бишкекбашкыархитектура”, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын адистери жана грант берген тарап долбоордун эскизин иштеп чыгышкан. Учурда долбоордун эскизи Түркия тараптын кароосунда турат.

2018-жылдын жаз мезгилинде Бишкек мэриясы жана түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин бирикмесинде сейил бакты калыбына келтирүү үчүн кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Түркия тараптан 500 миң доллар грант берүү каралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз